15.05.2019 13:51

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча дагы эки адам кармалды

  Азиз Батукаевдин иши (4 материала)
Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча дагы эки адам кармалды

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалды. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу максатында ага «курч миелобласттуу лейкоз» (М2-вариант) диагнозун коюп, фактыларды жасалмалаган.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ диагнозду жокко чыгарып, фактылар  жасалмаланганын көрсөтүшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз илимий гематология борборунун Эмил Макимбетов жана Ирина Цопова аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип, камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А.  кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.

Андан сырткары, А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалды. Алар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Айрым маалыматтар боюнча, Качкыналиев Батукаевди «Манас» аэропортуна чейин коштоп барган. 

Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө. Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.